World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2023

Новости за 31.01.2023

Azattyk.org 

Талас: Бекмолдонун багы ачылбаган жолдору

Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны "кымырып алган" деген шек менен кармалды. Аны менен кошо "Календер-Курулуш" ишканасынын да жетекчиси кармалганганын УКМК билдирди. Жергиликтүү тургундар айылда ички жолго акча каралганы менен ал бутпой ара жолдо калганын айтып жатышат.

Azattyk.org 

Кыргыз журналистикасынын тарыхына арналган китеп жарык көрдү

Бишкекте бүгүн 31-январда кыргыз журналистикасынын тарыхына арналган китептин бет ачары өттү. Долбоордун автору, китептин түзүүчүсү – саясий илимдердин кандидаты, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, публицист, журналист Бакыт Орунбеков. «Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен» деген аталыш менен чыккан китепте 1950-1990-жылдары Бишкекте, облустарда, район-шаарларда, ар кандай маалымат каражаттарында эмгектенген 40тан ашуун белгилүү инсандын, кесипкөй журналисттин эскерүү, пикирлери камтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Миңден ашуун кыргыз мигрант орус абактарында отурат

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардыруудан токсондон ашык киши каза тапты. Кемпир-Абад иши боюнча камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова үй камагына чыкты. Орусиянын абактарында миңден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Azattyk.org 

Башкы прокурор сын-пикирлерге жооп берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жылдык маалымат жыйын өткөрүп, чуулгандуу кылмыш иштер жана көзөмөл органга айтылган сын-пикирлерге жооп берди. Маалымат жыйындагы урунтуу учурлар.

Azattyk.org 

Bulak.kg: «Азаттык» менен «Кактусту» жабууну талап кылгандардын көбү фейктер экени аныкталды

«Азаттыктын» жана «Кактус Медианын» жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыкты. 31-январда жарыялаган макаласында сайт катардагы жарандар аталган медиаларды колдоп, жабылышына каршы пикир жазышканын, ал эми чыныгы аты-жөнүн, бетин жашырган фейктер жабууну талап кылышканын белгиледи. “Ким социалдык түйүндөр аркылуу эркин ЖМКлардын ишине каршы эң көп жазганын териштирип чыктык. Кылдат анализ үчүн биз YouScan ресурсун колдонуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кечки радио берүү | 30.01.2023 | Миңден ашуун кыргыз мигрант орус абактарында отурат

Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл уюштуруп, камактагылардын ишиндеги “жашыруун грифти” алып салууну талап кылышты. Орусиянын абактарында миңден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Azattyk.org 

Прокуратура: чуулгандуу иштер, "Азаттык", мыйзам үстөмдүгү

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда маалымат жыйынын өткөрүп, чуулгандуу кылмыш иштери жана көзөмөл органга айтылган сын-пикирлерге жооп берди. Башкы көзөмөл органдын башчысы Курманкул Зулушевге жолдонгон журналисттердин суроолорунун көпчүлүгү коомчулуктагы талкуу жараткан, чуулгандуу кылмыш иштерге байланыштуу болду. Зулушев төкмө акын Болот Назаровго он жыл сураган прокурор жөнүндө суроого жооп берип жатып, сот иштеринде мамлекеттик айыптоочуларга эч ким басым жасоого акысы жок деди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндө прокуратура кыйноого шектүү милиционерлерге иш козгоодон баш тартты

Ош облусунун Өзгөн районунун прокуратурасы эки кишинин кыйноого алынышына шектүү милиционерлер боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын Кыйноолорго каршы улуттук борбордун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Өзгөн милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган эки адам ур-токмокко алынганы жөнүндө кабар 2022-жылдын 12-декабрында түшкөн. Борбордун кызматкерлери милициянын абак жайына барганда ал адамдардын бети-башында жана денесинде көк ала тактар бар экенин көрүшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Сотту жабык өткөрүүгө жол ачкан "жашыруун" гриф

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты. 31-январда Бишкекте Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жакындары, адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер тегерек үстөл уюштуруп, камактагылардын ишиндеги “жашыруун” грифти алып салууну талап кылышты. Ушул эле күнү баш прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрүп, анда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандарын иши боюнча пикирин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистандагы жардыруунун курмандыктары 90дон ашты

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечтинин жардыруусунан каза болгондор 90дон ашты. Жараат алгандар 170тей экени кабарланды. Урандылардын астында калгандарды чыгаруу, куткаруу иштери кечээтен бери уланып жатат. Окуя 30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырган. Негизинен полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Молдокасымов: Басымга карабай "Азаттык" арышын улай берет

31 жылдан бери “Азаттык” Кыргызстанда иштеп келатат. 70 жылдык тарыхы бар радионун Бишкек бюросу азыр “Азаттык Медиа” деп катталган. “Азаттыктын” 70 жылдыгына карата Бишкек бюросун 1998-2005-жылдар аралыгында жетектеген тарых илимдеринин кандитаты Кыяс Молдокасымов менен маектештик.

Azattyk.org 

Transparency International Кыргызстан автократияга ыктаганын эскертти

Transparency International эл аралык уюму 2022-жылдагы дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан былтыркыдай эле жалпы 100 баллдан 27 упай гана алды жана 185 өлкөнүн ичинен 140-орунга жайгашты. Аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилерге кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жол ачылганын, сөз эркиндигин чектөө башталганын эскертти. Transparency International бул рейтингде кайсы бир өлкөнүн жалпы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте таштанды үчүн тариф көтөрүлөт

Бишкекте таштанды үчүн тариф көтөрүлөт. Бишкек шаардык кеңеши мэриянын тиешелүү токтом долбоорун 31-январдагы жыйынында колдоду. Расмий маалыматка караганда, жаңы тариф менен бир адам айына 41 сом, пенсионерлер 22 сом 50 тыйын төгүп калат. Мурда тариф 22 сом 50 тыйын болчу. Менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн 1 куб метрине 361 сом, же тоннасына 2 430 сом болот. Буга чейин таштандынын 1 куб метрине 225 сом төлөнчү. Болжол менен жаңы тариф 1-февралдан тарта күчүнө кирет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда белгилүү журналист Мавжуда Мирзаева камалды

Өзбекстанда белгилүү журналист Мавжуда Мирзаева камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Көз боёмочулук" беренеси менен айып тагылууда. "Азаттыкка" маалым болгондой, Мирзаева 27-январда Human.uz сайтынын Ташкенттеги кеңсесин тинтүүдөн көп өтпөй кармалган. Ал коомчулукка 2018-жылы Өзбекстандын мамлекеттик телеканалындагы цензураны сындагандан кийин таанылып, бир катар көз карандысыз сайттар, анын ичинде Human.uz менен кызматташып келген. Эки жылдан бери Жумуш менен камсыздоо жана эмгек мамилелери... Читать дальше...

Azattyk.org 

Былтыр алты айда 11 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алды

2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 киши кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта жазылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан. Борбор Азия чөлкөмүндө Орусиянын паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Гендердик облигация сатуудан 24 миллион сом түштү

Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо максатында чыгарылган алгачкы гендердик облигациялардын 29% сатылып бүткөнүн бүгүн 31-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда “Азия Банкынын" өкүлү Земфира Атакишиева билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 82 миллион сомго ар бири 1000 сомдук 82 миң облигация чыгарылган. 36 айга 12 пайыздык жылдык үстөгү менен чыгарылган бул баалуу кагаздардын бүгүнкү күнгө карата 24 миллион сомдук көлөмү сатылды. Банк бул 24 миллион сомдун 10... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы 7-февралдан тартып кайра иштей баштайт

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы 7-февралдан тартып кайра иштей баштай турганын бүгүн 31-январда “Манас” эл аралык аэропорту билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, «Тез Жет» авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге аптасына бир жолу – ар шейшемби сайын каттап турат. «Баткен» аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. ““Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – «Манас», «Ош»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлар ооганстандык кыздарды кабыл алды

"Талибан" кыймылы ооган кыз-келиндеринин жогорку окуу жайларда билим алуусуна тыюу салгандан кийин Европа Биримдигинин каржылоосу менен алардын Борбор Азия өлкөлөрүндө окуусуна жол ачкан долбоор кайрадан иштей баштады. Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө беш жылдык стипендияларды алган 105 ооганстандык кыз Борбор Азиядагы мамлекеттерге келип, окууларын баштаганы турушат. Долбоорду жетектеп жаткан БУУнун Өнүктүрүү фондунун Казакстандагы өкүлчүлүгү өлкөнүн жогорку окуу жайлары 50 ооган студентин кабыл аларын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кутманова Евро-5 стандартына туура келбеген күйүүчү майга тыюу салууну сунуштады

Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Евро-5 (К5) стандартына туура келбеген бензин жана дизелди Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө мындай демилге ыштан арылуу үчүн керек экенин айтты. "Класс канчалык жогору болсо, ошончолук ыш азаят. Ушул тапта өлкөгө 2,3,5 классындагы күйүүчү май кирип жатат. Анын жарымына жетпегени гана Евро-5 стандартына дал келет. Өлкөдө сатылган күйүүчү майдын үлгүсү эле элге ачык жазылып, классы тууралуу маалымат берилбейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз фондулук биржасында былтыр эки эсе көп келишим түзүлдү

Соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын Фондулук биржасында дээрлик 18 миллиард сомго эки миңден ашуун келишим түзүлүп, тарыхый максимум катталганын 31-январда «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда биржанын президенти Медет Назаралиев билдирди. Анын айтымында, былтыр бардык багыттар боюнча өсүү болгон. «Бул көрсөткүчтөр бизнес инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн, ал эми мамлекет жаңы компаниялар ачык акционердик коом формасында түзүлүшү керектигин түшүнүп жатканынын далили. Жаңы компаниялар листинг процедурасынан өтүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

ДССУ COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 пандемиясы аяктады деп жарыялоодон баш тартып, ага байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал макамы каларын билдирди. Тиешелүү чечим ДССУ комитетинин 30-январда өткөн чукул жыйынында кабыл алынды. Уюм үч жыл мурун, 2020-жылы 30-январда коронавирусту глобалдык коркунуч деп жарыялаган. Комитет мүчөлөрү COVID-19га каршы күрөштөгү ийгиликтерди белгилеп, бирок пандемиянын аяктаганы жөнүндө айтуу азырынча эрте деген чечимге келишти. Буга жакында эле... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулябда жергиликтүү тургундун өлүмүн адилет тергөөнү талап кылган митинг өттү

30-январда Тажикстандын Куляб шаарында жүзгө жакын киши мэриянын алдына топтолуп, жергиликтүү тургун Абдукаххор Розиковдун өлүмүн адилет тергөөнү талап кылышты. 37 жаштагы Роззиков маңзат соодасына шек саналып 3-январга караган түнү кармалган жана ички иштер башкармалыгынын имаратында белгисиз жагдайда каза болгон. Анын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен үч милиция кызматкери кармалып, кийинчерээк анын экөө аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Шаардык акимчиликтин алдына чогулган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Каракалпакстан окуяларына айыпталган Тажимуратов 16 жылга соттолду

31-январда Каракалпакстан окуялары боюнча айыпталган жарандарга сот өкүмү чыканын Gazeta.uz басылмасы кабарлады. "Эл хызметинде" гезитинин адвокаты жана мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов "Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу", "Уурдоо же коротуу аркылуу ири өлчөмдө каражат кымыруу", "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу", "Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик: КУУнун бир да мүлкү күрөөдө эмес, Исманкуловдун клиникасы менен сотубуз уланууда

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) бир да мүлкү күрөөдө эмес. Бул тууралуу 31-январда “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылы министрлик өкмөттүн атынан «Алмазбек Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасын» сотко берип, корей тараптын насыясын жабуу талабын койгон. Бүгүнкү күндө  соттук териштирүү аягына чыга элек. КУУ имараттарынын бири Корея Республикасынан дээрлик 25 жыл мурда алынган насыя... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызча программалык код жазуу боюнча акысыз курстар иштей баштады

Бишкекте kodjaz деп аталган акысыз онлайн курстар ишке киришти. Анын ачылышы 30-январда болгонун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.  Бул программа IT тармагында кыргыз тилдүү код жазууга ыңгайлашкан. Кыргыз тилдүүлөрдү компьютердик программалоого үйрөткөн бул курсту каалоочулар акысыз колдоно алышат. Сабактар интерактивдүү формада,  катышуучулардын убактысына жараша болот. Ага программалоо жаатында тажрыйбасы жок адамдар да катыша алат. Азырынча платформада Python программалоо тили бар, кийин дагы кошумча тилдер жүктөлөт. Читать дальше...


Эксперт: в столичном регионе вскоре проснутся клещи

Более 30 сирот из Подольска получат льготное жилье в 2024 году

Центральный офис МФЦ в Лобне расширят и отремонтируют

Шалабаев проверил ход благоустройства в Канавинском районе после зимы



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В России создают «аналог PlayStation» — консоль PlaySpace с чипом Intel Atom X5 и 4 ГБ ОЗУ

В России определились с пилотными зонами 5G — связь нового поколения протестируют сразу в нескольких регионах

ТАСС: Криминальный авторитет Шакро Молодой освободился по УДО

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о подготовке кадров в IT-сфере

Музыкальные новости

Сергей Собянин рассказал, как Москва помогает производителям оборудования

Лавров заявил, что сфер сотрудничества России и Запада практически не осталось

В хоккейном ЦСКА сменился главный тренер

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.

Новости России

Началось IV Всероссийское голосование граждан РФ по благоустройству территорий

Начата реализация проекта по поиску новых материалов, способствующих заживлению ран и снижению воспалительных процессов

В 56 регионах России внедрят интеллектуальные транспортные системы

Websoft объявила «Партнеров года» на конференции Websoft.Практика 2024

Экология в России и мире

США включили ряд российских блокчейн-платформ в список SDN

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»

Туроператор Анекс-тур сделал заявление по турам на лето-2024, дав полный расклад

Спорт в России и мире

Виктория Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах

Россиянка покинула WTA-1000 из-за проблем со здоровьем

Moscow.media

Узбекистан начал выпуск «народного» кроссовера Киа. Такой модели не хватает в России

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию

«Байкал Сервис» запустил выгодный коробочный прайс для поставщиков Вайлдберриз

Utrace выходит на рынок цифровой маркировки консервной продукции







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *