Аба ырайы: күн ачык болот
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 29-ноябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19, Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 6…11, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градус болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 17…19° болот.