Эгемендик - кыргыздын миңдеген жылдык эңсөөсү
Быйыл Эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышып жатат.
Өлкө президенти Садыр Жапаров Ош шаарында өтүп жаткан салтанатта кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктады. Президент "Эгемендик майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүү ниети" болгонун, быйыл "3 миң жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында" өтүп жатканын белгиледи.
Салтанаттын алкагында "Сулайман тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.
Ош улуттук драма театрында "Ош - достук шаары" фестивалы болот. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт. Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигинин жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.
Былтыр эгемендик күнүндөгү негизги салтанант Чүй облусунда Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак жайлоосунда өткөн жана анда Байтик баатырдын 200 жылдыгы кошо белгиленген.
Саясатчылардын арасында жана окумуштуулар чөйрөсүндө Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстан анын курамындагы 15 республиканын катарында көз карандысыздыкка ээ болуп, кыргыздар эгемендикке жеңил жетти деген пикирлер айтылып жүрөт.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, окумуштуу Абдыганы Эркебаев "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстан СССР кыйрагандан кийин уруш-талашсыз эгемендикке ээ болду деген пикирде.
"Эгемендикке жетүү СССР деген улуу державанын курамында жашап келген эл үчүн күтүүсүз болду да. Тарыхта жөөттөр сыяктуу канчалаган менменсиген кыйын элдер 2 миңден ашуун жыл азып-тозуп, өз жеринен куулуп, анан көз карандысыздыкка жетти. Европанын бир топ мамлекеттери - Чыгыш Европа, ал жагы Австрияга чейин - көп жыл бизге кандаш, боордош Түркиянын таасиринде жашады. Коңшубуз Кытай канча мезгилге чейин европалык, америкалыктардын кол алдында болду. Дээрлик Түштүк Азия, Индонезия, Малайзия, Сингапур сыяктуу өлкөлөр Португалия менен Испания өңдүү кичине эле мамлекеттерге көз каранды болгон. Бүт Латын Америкасы дагы ошондой эле, Африка болсо түшүнүктүү. Бизге Алла Тааланын көзү түз болду окшойт, уруш-талашсыз эгемендикке ээ болдук", - деди Эркебаев.
Бирок саясат таануу жана тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов бул пикирлерди чоң жаңылыштык деп эсептей1т. Ал "Азаттыкка" курган маегинде кыргыз эли эгемен мамлекет түптөө үчүн миңдеген жылдар бою күрөшүп келгенин белгиледи.
"Чоң эле окумуштуулар, саясий ишмерлер да ушинтип айтып жүрүшкөнү туура эмес. Эгемендик бизге асмандан түшкөн жок. Ушул миң жылдан ашуун убакытта кыргыз эли аябагандай кыйын кезеңди баштан кечирсе да эгемендикти эңсеп келген. Улуу "Манас" эпосунун пайда болуу себебинин эң негизгилеринин бири - мамлекеттүүлүк идеясы. Ушундай эгемен, өзүбүздүн эркин мамлекетибиз, Манастай адилет башчыбыз болсо деген эңсөө менен "Манас" эпосу жаралган. Анын муундан-муунга өтүп, бизге чейин жеткени - ушул күрөш. Кыргыз эли 10-кылымда эгемен мамлекетин жоготкондон бери көз карандысыздык, өз алдынчалык үчүн миң жылдан ашуун тынбай күрөшүп келди. Союздун тушунда да кыргыз үчүн толук эгемендик болгон эмес. Кыргыз эли толук эгемендикке жеткенине 32 жыл болду. Биз эгемендигибиздин маанисин толук баамдай албай, эгемендик баркына жете албай жатабыз", -деди Аалыбек Акунов.
Кыргызстандын Эгемендик майрамына анын жарандары толук маани берип, так түшүнө электигин дагы бир саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын түптөөчүсү, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да белгиледи.
Ал "Азаттыкка" курган маегинде бүгүн Эгемендик майрамы мамлекеттик органдардын деңгээлинде гана белгиленип келе жаткан майрам болуп жатканын айтты.
"Улуттук идеологиянын эң негизги идеясы - көз карандысыздык. Тилекке каршы Эгемендик күнү учурда расмий майрам болуп, мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин иш-чараларында гана белгиленип келет. Көз карандысыздык күнү ар бир кыргызстандыктын жеке майрамы болуп, өзүбүздүн туулган күнүбүздөй эле мамлекеттин туулган күнүн да белгилей баштасак, ошондо көз карандысыздыгыбыздын пайдубалы бекем болот. Эгемендик реалдуу маңызга ээ болот. Биз СССРдин кыйрашы менен советтик республикалардын эркиндик алышын кыска убакыт катары карабашыбыз керек. Бул жүздөгөн жылдарга созулган жараяндын мыйзам ченемдүү этабы болгон. Кыргыздар миңдеген жылда өзүнүн мамлекеттүүлүгү, өз алдынчалыгы үчүн, дүйнөдөгү өз орду үчүн күрөшүп келген эл. Убагында мамлекет курган, империя да курган, тиги же бул империялардын курамында калганда да өзүн жоготпостон күрөшүп келе жаткан. Ошондуктан, бул кыргыз эли эзелтен эңсеп келген баалуулук", - деди Өмүрбек Текебаев.
Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.