World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖК: Акаев Санарип министрлигиндеги Ширшовдун таасирин айтты

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Санарип өнүктүрүү министрлиги жана бул мекемеге берилген ишканалар, коррупциялык иштерде аты аталган Алексей Ширшовдун таасири тууралуу дагы маселе көтөрдү. Ал санарип өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөн Нурия Кутнаеваны айтылган дооматтарды жоюуга, паракорчулукка байланыштуу аты аталган адамдардан оолак болууга чакырды.



"Санарип өнүктүрүү министрлигине биз беш ишкананы дагы кошуп бергенбиз. Алар "Кыргыз почтасы", "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы". Сиз министр болуп барган жерде коррупциялык иштерде атагы чыккан Алексей Ширшовдун таасири абдан күчтүү. "МЕГА" ишканасына анын жакыны делген Евгения Судецтин күйөөсү Владимир Андросик дегендер кирген. Бул тууралуу сиздин маалыматыңыз бар. Сиз ошолордон кутулбасаңыз, анча-мынча жакшы иштериңиз көзгө көрүнбөй калышы мүмкүн. Мына ошондой адамдар мурдагы министр Иманов аркылуу "Дастанды" дагы башкарды, "МЕГА" дагы ошолордун колунда. Жакында эле "МЕГАнын" баасы бычылып, сатыкка коюлду. Бул маселе дагы күн тартибинде турат. "Евразия сактык банкы" тууралуу дагы маселе турат. Башка ишканалар дагы бул министрликке өткөндөн кийин кирешеси канча көбөйдү деген маселеге дагы биз сөзсүз кайрылабыз",- деди Акаев.


Аталган комитет министр кызматына Кутнаеванын талапкерлигин жактырды.


Жанарбек Акаев апрель айында парламентте бул министрликте Ширшовдун аты аталган айрым каржылык схемалар тууралуу маселе көтөргөн. Ал буга байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго кайрылып, жагдайга көңүл бурулушу керектигин эскерткен.



Анын алдында Евгения Судец Кыргызстандын Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчилигинен өз арызы менен кеткен. Ал бул кызматка былтыр жыл аягында дайындалган. Ошол маалда анын жарым жыл мурда кыргыз жарандыгын алганы талаш-талкуу жараткан. Мурда орус жараны болгон Судец буга чейин көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.



Судецтин аты мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка коюлганына байланыштуу чыккан журналисттик иликтөөдө аталган. Судец өзүнүн жана жолдошунун Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланышы жок экенин билдирген.



Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат көтөргөн маселени карап чыгып жооп берерин билдирген.



Алексей Ширшов былтыр май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы кымбат баалуу ондогон батир жана коттеждердин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.



Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.



Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан. 




 

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Мебель для ванной – решения от «Сантехника-Онлайн»

Суд в Москве взыскал с внука Пугачевой долг по оплате коммунальных услуг

Отбывающий пожизненное наказание лидер Ореховской ОПГ Буторин готовится на СВО

Срезало крышу: гонщик на Audi залетел под грузовик и погиб

Музыкальные новости

Чемпионат Центрального округа по летнему офицерскому троеборью завершился в Москве

«В ближайшие регионы»: Собянин анонсировал продление МЦД до четырёх областей

На матче "ЦСКА-Динамо" родилась новая семья

Американский регулятор прокомментировал обвинения SpaceX

Новости России

Ефимов: за пять лет бизнес купил у Москвы около 2500 объектов по преимущественному праву

Посвященная краткосрочной аренде конференция «Объективно» прошла в Москве

Студенты Подмосковья поучаствовали в конференции «Будущее машиностроения России»

Юная велогонщица умерла после падения на юниорском чемпионате мира в Швейцарии

Экология в России и мире

Очень модный гардероб для этой осени: примеры образов

В городском округе Домодедово проведена агитационно-разъяснительная работа с населением о сохранности имущества.

Обучение первокурсников Ивановского железнодорожного колледжа началось с экскурсии в сервисное локомотивное депо «Иваново» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис»

Как стильные прически и отличный макияж могут изменить имидж

Спорт в России и мире

Ребекка Шрамкова обыграла Ангелину Калинину на старте турнира в Пекине

Стало известно, кто из россиян примет участие в турнире ATP-500 в Вене в конце октября

Токио (ATP). 1-й круг. Хуркач сыграет с Гироном, Берреттини – с ван де Зандшульпом

Зарина Дияс может встретиться с Ариной Соболенко на топовом турнире

Moscow.media

Колымская красненькая...

В Екатеринбурге показали, как будет выглядеть обновленный сквер Бориса Рыжего

Более 30 автодорог отремонтировали в подмосковном Красногорске

В Москве ежегодно состоялся юбилейный, всероссийский, патриотический гала-концерт «Проза и поэзия» «Россия - семья семей»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *