World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кениядан эмнебиз кем? 17.06.08

Спорт саясат жана экономика менен бирге мамлекеттин аброюн көтөрүүчү тармактардын бири экендиги талашсыз. Буга мисалдар көп. Алсак, футбол дегенде Англия менен Бразилияны, хоккей дегенде Канаданы же Орусияны, чөптө ойноочу топ хоккейинин мекени Индия менен Пакистан деп билишет. Ал эми жеңил атлетиканы африкалыктар же Кара континенттен чыккан америкалыктар катырат. Мунун себеби, африкалыктар табиятынан чуркоодо чыдамдуу, күлүк жана жүгүрүгү ылдам келишет. Ал эми өз ичинен эле 22 түрлөнгөн жеңил атлетиканын өзөгү чуркоодон турат.
Илгери, 1980-жылдагы Москва Олимпиадасын Кыргызстан жеңип алды деп тамашалашар эле. Анын да жөнү бар: СССРдин курама командасына кирген сегиз спортчубуздун бардыгы тең байгелүү орундарга чыгып, медаль жеңип алып жатышса айтышат да. Ошондо ыраматылык Сатымкул Жуманазаров совет спортунун тарыхында алгач жолу олимпиадалык марафон чуркоодо байгелүү үчүнчү орунга чыгып, коло медалга татыган. Марафон дегениң 42 километр, анан дагы 195 метр аралыкты тынбай чуркап өтүш керек. Эптеп бутту сүйрөбөй, тыңырак чуркаганы гана марага жетет. Марафон деген эмне экенин өз башынан өткөргөн киши жакшы билет, түшүнөт. Бактым бар экен, жашырак кезде бул аралыкты мелдештерде алты жолу багындырып, экөөндө байгелүү болгонум ушул күнгө дейре шыктантып келет.
Алыска чуркоодогу талыкпай машыгуум, ийгиликтерим «Ленинчил жашта» иштеп жүргөн жылдарыма туш келген. 70-жылдардын аягынан баштап 80-жылдар бою бир бутум редакцияда, экинчи бутум стадион менен кросс жолдорунда жүрдү. Жайы-кышы, бороон-шамалга, бурганактаган карга, нөшөрлөгөн жамгырга карабай эки-үч маал чуркамайга аш ичип-жегендей эле көнүп калгам. Биринчи ийгилик машыга баштагандан жети жыл өткөндө келди. Ыраматылык машыктыргычым Юрий Вениаминович Доставалов менин ойду-тоону карабай чуркап, жан үрөп машыкканымды көрүп, «сен спорт чебери болчудайсың» дегени бар. Ал кезде 34тө элем. Ал убакта бул жашка келгендер чебер болмок тургай, спорт менен эбак коштошуп кетишчү. Совет спортунун системасы ошондой болчу. 28-30га чыккандарды пенсияга чыгарып коюшчу, болду, жетишет деп. А мен чуркоо менен чындап 26 жашымда машыга баштагам. Спорттогу устаттарымды айтсам, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыргычтары Ольга Ивановна Нелюбова, Виктор Харлампиевич Полубабкин, Эрмек Черикбаев, Светлана Валиева болушкан.
Дагы бир ийгилигим 1982-жылы ноябрда Москвада жаралды. Анда Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин жолдомосу менен ВЛКСМ БКнын эки айлык жогорку курстарында жүргөм. Ошондо да машыгуумду таштабай, жогорку курстар жайгашкан илгерки атактуу граф Шереметьевдин чарбагын бир күндө үч имере чуркап машыгып жүрдүм. Кечки саат ондо кар кечип, Перов паркынын караңгы токоюн аралай чуркаган күндөр болгон. Бир күнү комсомолдук жогорку мектептин спорт клубунун жетекчилери мектептин биринчилиги өтөт, ага катышып бер деп калышты. Эртеси ВКШнын стадиону кызыл-тазыл боло кооздолуп, ар башка өлкөлөрдүн желектери желбиреп калыптыр. Барсам ал кезде мендей карапайым спортчулардын түшүнө кирген укмуштай кооз «Адидас», «Тайгер», «Пума» фирмаларынын формаларын кийген негрлер, немистер, никарагуалыктар, чехтер, поляктар ары-бери желе чуркап, тим эле дердейишет, мени көзгө илбей. Алардын сүрүн көргөн мен да адегенде апкаарып барып, демди жыйдым. Анан, судьянын тапанчасы «тарс!» атылып, жарыш башталды. Жарышчу аралык 1 эле километр. Адегенде эле атырылып чыгып бердим. Артымдан 50-60 метр ашкыча дабыштар, демиккен-бышкырган үндөр угулуп, анан эле тымтырс болуп калды. Дагы эле ишенбей «тизгинимди» тартпай, кайра дагы кое бердим. Стадионду бир айланып чыгып, артымды карасам, баягы кызыл-тазыл «адидасчан» негрлер, немистер салпактап-телтектеп, ооздорун аңырдай ачып, тилдери салаңдап келатышат, стадиондун аркы капталында. Дагы бир айланып туруп, марага жалгыз учуп жеттим. Анан эле судья бакырып калды: «Рекорд! Рекорд!» деп. Көрсө, Бүткүл союздук комсомол мектебинин 1 км аралыктагы мурдагы рекордун жаңыртып салыптырмын.
…Бүгүн Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын жетекчилигине Бахтияр Бокоев деген жигит келиптир. Мелдештерге чогуу катышып калчубуз. СССР спортунун чебери. Эрктүү, мээнеткеч жигит, мекенчил десек болот. Бахтияр келгени биздин жеңил атлетчилер жакшы ийгиликтерди жарата баштады. Баарынан да кыргыз кыз-уландардын чебердиги артып, курама командадан орус балдарды сүрүп чыга баштаганы кубандырат. Болбосо, советтик мезгилде Кыргызстандын командаларын башка республикадагылар «импортный» деп келекелешчү. Себеби, дээрлик баарында жалаң орустар үстөмдүк кылчу. Машыктыргычтар жалаң орус болсо, кыргыз балдар-кыздар таланты ташып турса да жолотушчу эмес. Ошого карабай, Тобокел Мамыров, Сатымкул Жуманазаров, Анатай Ибраимов, Айып Исаков, Мария Күлчүнова сыяктуу кыргыз уул-кыздары намыс талашып, тоталитардык бийлик менен өзүнчө күрөшүп келишкени эми гана билинип отурат.
Африкада Кения деген өлкө бар. Андан чыккан жөө күлүктөр Олимпиада оюндарында, дүйнө биринчиликтеринде алдына ат салдырышпайт. Кыргыз кыз-уландары чындап берилип машыкса, кениялыктардан калбай, атургай марага алардан озуп келишери анык.
Садырбек ЧЕРИКОВ

The post Кениядан эмнебиз кем? 17.06.08 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Петербург посетили 8,5 млн туристов с января

Отбывающий пожизненное наказание лидер Ореховской ОПГ Буторин готовится на СВО

Бывший вратарь "Краснодара" Сафонов не попадёт на сборы в Россию из-за долга по алиментам

Адвокат Блиновской заявила, что блогер обжаловала свой арест

Музыкальные новости

Заместитель начальника Управления Росгвардии Чувашии встретился с журналистами

Мишустин заявил о необходимости создать фундамент для развития суверенной электроники

Требования к аварийным душам для правильной установки и использования

Певец Алексей Глызин призвал молиться о здоровье госпитализированного Добрынина

Новости России

В Узбекистане призвали запретить въезд представителю МИД России Марии Захаровой

Звезды «Слова пацана» снялись в сериале Крыжовникова по «Москва слезам не верит»

Рябков: Россия тщательно следит за реакцией Запада на изменение ядерной политики

Россиян предупредили о частых болезнях осенью

Экология в России и мире

Дистрибьюция Музыки. Дистрибьюция Музыки в России. Дистрибьюция музыки в вк. Яндекс музыка дистрибьюция. Цифровая дистрибьюция музыка. Дистрибьюция музыки под ключ.

В Москве пройдёт гастрономический фестиваль «Русская кухня»

Коллекция Nensi Dojaka весна-лето 2025

Новосибирские хирурги провели сложную операцию по удалению опухоли позвоночника

Спорт в России и мире

Пекин (ATP). 2-й круг. Котов сыграет с Коболли, Сафиуллин – с Синнером, Медведев – с Маннарино

Кудерметова вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Пекине

Александр Зверев снялся с турнира ATP-500 в Пекине

Павлюченкова объявила о досрочном завершении сезона

Moscow.media

Колымская красненькая...

В Москве ежегодно состоялся юбилейный, всероссийский, патриотический гала-концерт «Проза и поэзия» «Россия - семья семей»

Для ремонта дорог в Петербурге в 2025 году ищут подрядчиков

В «Деловых Линиях» рассказали о росте спроса на интеграционные решения более чем в 3 раза







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *