Жолдубаева: КСДПнын жыйынына күч түзүмдөрү тоскоолдук кылууда
КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Жалал-Абад облусунда партиянын конференциясын өткөрүүгө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тоскоолдук кылып жатканын билдирди. «Биз отурган жерди УКМКнын, ИИМдин 20 чакты кызматкери айланып-тегеренип жүрүштү. Биздин активисттердин туугандарын да алып келишиптир. Алардын туугандарына «булар 7-апрелде Жалал-Абадда митинг кылганы жатат» деп айтып коюшуптур. Туугандары «силер эмнеге митинг өткөргөнү жатасыңар? Кеткиле, жоголгула!» деп провокация кылышты», - деди Жолдубаева. Читать дальше...