Бишкекте инвесторлордун укуктары эл аралык деңгээлде талкууланат
Экономика министрлиги Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен бирге Кыргызстандагы инвестиция саясаты жана инвесторлордун укугун коргоо маселесине арналган жыйын курат. Ага корпорациянын аймактык менежери Кассандра Колберт да катышарын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 16-июлда «Hyatt Regency» мейманкана өтө турган талкууда кыргыз өкмөтү инвесторлор үчүн түзгөн шарт, алардын укуктарынын корголушу, эл аралык эрежелердин сакталышы өңдүү маселелер каралат. Эл аралык финансы корпорациясы Дүйнөлүк банктын тобуна кирет. Читать дальше...