Тоолуу Карабакта эки француз журналисти жарадар болду
Тоолуу Карабактагы атышуу учурунда франциялык «Le Monde» гезитинин эки журналисти катуу жарадар болду. Алар аймактагы окуяларды чагылдырыш үчүн Мартуни шаарына барышкан. «Le Monde» гезитинин башкы редактору Люк Броннер жарадар болгондордун бири гезиттин кабарчысы, экинчиси фотограф экенин айтты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тышкы иштер министрлиги жараланган журналисттерди өлкөгө алып келиш үчүн ишти баштаганын 1-октябрда билдирген. Евробиримдиктин саммитине катышуу үчүн Брюсселге келген Макрон: «Медициналык учак учууга даяр турат.