Салман Рушдинин өмүрүнө кол салган кишиге айып тагылды
Жума күнү бычактан жараат алган жазуучу Салман Рушди өз алдынча дем алып, сүйлөй баштады. Бул тууралуу маалыматты 13-августта анын агенти Эндрю Уайли ырастады. Буга чейин Рушди ИВЛ жабдуусуна туташтырылган. Анын алдында Нью-Йорк штатынын Чаутоква округунун бийлиги 75 жаштагы британиялык жазуучунун өмүрүнө кол салган кишиге айып тагылганын билдирген. Полициянын маалыматына караганда, Нью-Жерсинин 24 жаштагы тургуну Хади Матар камакка алынды. Анын ата-энеси АКШга Ливандан көчүп барганы белгилүү болду. Читать дальше...