Казакстанда кырсыкка учураган тик учакта төрт киши каза болду
23-февралда Түндүк Казакстан облусунда кырсыкка учураган Ми-8 тик учакта төрт киши каза таап, экөө жараат алды. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Жарандык авиация комитети Телеграм каналына жазды. Тик учак «Казтрансойл» компаниясынын заказы менен мунай куурун айланып учуп жүргөн. Маалыматка караганда, Чукул кырдаалдар министрлигинин тобу кырсык болгон жерге барды. Буга чейин казак маалымат каражаттары министрликтин расмий өкүлүнө шилтеме менен «борттогулардын бардыгы аман» деп жазышкан. Тик учакта экипаждын... Читать дальше...