Республикачылар Трамптын Хелсинкидеги позициясын кескин сындашты
Коркер Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишкенинде “эч шек жоктугун” жана атайын кызмат Москванын ролу боюнча шектенүүгө мүмкүнчүлүк бербегенин кошумчалады. Ушундай эле пикирин Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан билдирди.
Финляндиянын борборунда жалпы төрт сааттан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдүн соңундагы басма сөз жыйынында эки лидер алдыда кызматташуу ниеттерин билдиришти.
Президенттердин билдирүүсүнөн белгилүү болгондой, алардын алгачкы эки тараптуу сүйлөшүүсүндө Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Украина, Сирия, өзөктүк куралды кыскартуу, соода жана башка маселелер талкууланды.
Трамп пресс-конференциядагы суроо-жоопто белгилегендей, ал Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу маселени көтөргөндө Путин бул ырастоолорду мурдагыдай эле четке каккан.