ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылды
Президент Садыр Жапаров 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) өрт өчүрүүчү 100 техниканы тапшырды. Анын 85и өрт өчүрүүчү автоунаалар. Куткаруучу 10 машине, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу эки автобус, 50 метрлик үч автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, тик учакка илинүүчү 2-3,5 тонналык беш суу челеги бар. Алар өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет. Президенттин басма сөз кызматы техника буга чейин Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөрүнүн негизинде грант катары алынганын билдирди. Читать дальше...