“Берекет” базарындагы өрт боюнча иш сотко өттү
"Берекет" базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында аты аталган эки адам кармалып, камакка алынган. (КЕ)