7-апрель көчөсүнө байланыштуу доо арыз сотто каралат
Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан (Аалы Токомбаев көчөсү) Чүй проспектине чейинки бөлүгүн 7-апрель деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган башкалаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулганы айтылган. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган.
“Биздин укук” фондунун жетекчиси Калича Умуралиева шаардык кеңештин токтому мыйзамсыз экенин билдирип келе жатат. (КЕ)