Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбек телеканалы бир нече диний көрсөтүүнү токтотту

25-июндан тарта Өзбекстандагы «Маданият ва маърифат» телеканалы бери дегенде эле алты диний берүүнү көрсөтүүнү токтотту.


Маалыматка караганда, алардын арасында быйыл марттан бери ар шаршемби сайын эфирге чыгып келген «Қуръони каримни ўрганамиз» («Курани каримди үйрөнөбүз») берүүсү да бар. Аны менен катар программанын акыркы бир нече чыгарылышы дагы Youtube порталынан өчүрүлгөн.


Бул көрүнүш социалдык түйүндөрдүн өзбекстандык колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты.


«Маданият ва маърифат» телеканалынын өкүлдөрү жетекчиликке жогору жактан эфирге диний мүнөздөгү берүүлөрдү чыгарбоо жана дин адамдарын көрсөтпөө буйругу келгенин билдиришти.


«Бизде диний берүүлөрдү көрсөтүү токтотулду, биз эфирге сакалчан кишилерди чыгарбай калдык. Эми имамдар телеберүүлөргө чакырылбайт», — деди телеканалдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.


Бирок өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясы диний берүүлөр аларга бөлүнгөн убакыт аяктагандыгы үчүн токтотулганын билдирди. «Планга ылайык, ал берүүлөрдүн бардыгы тең циклдүү болчу. Алгач диний берүүлөр «Өзбекстан» телеканалында чыгып келген болсо, азыр «Маданият ва маърифат» телеканалынан чыгып жатат», – деди компаниянын өкүлү.


Бирок өзбек телеберүүсүндө иштеген журналисттердин бири диний берүүлөрдү токтотуу буйругун президенттин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов бергенин айтууда.


– Жакында эле өзбек журналисттеринен турган топ Кытайда болуп кайткан. «Ахборот» маалыматтык берүүсүнүн кызматкерлери жети репортаж жөнөткөн, бирок алардын бешөө эфирден кеткен жок. Анткени интервью берген адамдардын арасында сакалчан киши бар экен, – деди журналист.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *