Трамп: АКШ менен Орусиянын мамилеси "эч качан мынчалык начар болгон эмес"
Анда ал АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу иликтөө иштери боюнча пикирин билдирди. «Ал кездеги президент Барак Обама кийлигишүүлөргө эч кандай реакция жасаган эмес. Эми болсо оппоненттерим мени Орусия менен «кутумга барган» деп айыптап жатышат» деп жазды Трамп.
Дүйшөмбү эртең менен Трамп Финляндиянын президенти Саули Ниинисте менен жолукту. Анын Путин менен жолугушуусу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.20да (Бишкек убактысы боюнча 16:30да) башталат. Президенттер бир жарым саат көзмө-көз сүйлөшүп, андан соң аларга делегация мүчөлөрү кошулат. Саат бешке жакын президенттер жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшү керек.
Тарыхта биринчи жолу дүйнөдөгү эң ири өзөктүк державалардын лидерлеринин мындай жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүсүнүн ачык жарыяланган күн тартиби жок. Трамп менен Путин Украина чыгышындагы жана Орусия аннексиялаган Крымдагы абалды талкуулайт деп күтүлүүдө. Андан тышкары Сириядагы кырдаал жана Иран көйгөйү козголушу мүмкүн. Трамп Орусиянын шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгы маселесин көтөрө турганын ырастады.