Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Иранга каршы санкциялары боюнча айрым жеңилдиктерди карайт

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин билдирди. Анын айтымында, АКШ Иранга каршы санкцияларын кайра калыбына келтирип жатканда глобалдык мунай базарынын иш ыргагын бузбаш үчүн Ирандан мунай импорттоону азайтуу максатында көбүрөөк убакыт талап кылынган айрым өлкөлөргө жеңилдик берүү жагын карайт.


“Биз (Ирандан) мунай сатып алуу нөлгө түшүүсүн көздөйбүз. Бирок айрым учурларда муну бир түндө жасай албайсың, биз жеңилдиктерди карайбыз”,- деди Мнучин. АКШнын финансы министри бул сөздөрдү кабарчыларга, 13-июлда Мексикадан иш сапарынан келе жатканда айткан, бирок коомчулук үчүн ал 16-июлда гана жарыяланды.


АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин жарыялагандай, Иранга каршы санкциялардын биринчи баскычы 4-августта калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алат. Санкциялардын калган бөлүгү 6-ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдорун бутага алат.


Президент Хассан Роухани башка өлкөлөрдүн Ирандан алган мунай импортун “нөлгө” түшүрүүнү көздөгөн АКШнын аракеттеринен майнап чыкпасын буга чейин билдирген.


АКШнын санкциялары Вашингтон Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу калыбына келүүдө.


Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *