Алматыдагы аэропортто кыргыз жүргүнчүлөрү дагы эле катуу текшерилүүдө
Алматыда аэропортто кыргызстандыктардын паспортторунун көчүрмөсү, дареги, телефондогу жеке маалыматтар, IMEI коддоруна чейин жазып алуу буга чейин да болуп келген. Жаралган кырдаалдан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер мекемесине нота жөнөткөн эле. Казакстан жарандарды суракка алуу эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныкташ үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирген. (BkA)