Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү
Жолугушуу жыйынтыгы менен атайын протоколго кол коюлган.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жолугушуу өткөнүн «Азаттыкка» коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаков ырастады. Ал азырынча кайсы тилкелер аныкталганы боюнча маалымат жашыруун экенин жана чек араны делимитациялоо боюнча келишимде айтыларын билдирди.
Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет. (BkA)