Он жаштагы кызды зордуктаган адамга издөө жарыяланды
Окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн кыз дааратканага барганда зордукталганын анын жакындары айтышкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда зордуктоого кабылган тестиер менен психологдор иштеп жатат. (BkA)