Кичи Памирдеги кыргыздардын башчысы шайлана элек
- Башчылыкка билимдүү, чет жактан келген расмий адамдарды тосуп, алар менен сүйлөшүүгө жарамдуу, конокторго сый көрсөтө алгыдай жана элге кам көргүдөй баш киши болушу керек да. Азыр көпчүлүк Ажыбутуну хан кылсакпы деп турат. Бирок шайлоо боло элек, - деди Абдулвахит Жээнбек уулу.
Ал ошондой эле "маркум Эраалы хандын уулу Жээнбай эл башына келиши мүмкүн" деген божомолду четке какты.
Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында дүйнө салганы өткөн жумада кабарланган. Эраалы хан кичи Памирдеги 400 түтүнгө чукул кыргызды 5 жылдан ашуун башкарган. (BCh)