Москвада "Pussy Riot" тобунун ырчысы 15 суткага камалды
Ал "спорттук иш-чарада көрүүчүнүн эрежелерин одоно бузган" деп айыпталууда.
Сот аталган топтун ырчысы Вероника Никульшинага спорттук иш-чараларга катышууга үч жылга тыюу салды. Адвокаттын бардык доо арыздары четке кагылды. Ушундай эле жаза топтун дагы үч мүчөсүнө берилди.
15-июлда "Pussy Riot" панк-тобунун катышуучулары “Милиция кызматкерлери оюнга кошулат” деген аталыштагы акциясын өткөрүп, оюн талаасына чуркап чыгышкан. Акция саясий негизде камалгандарды бошотуу, митингдерде кармоолорду токтотуу жана социалдык тармактардагы пикир үчүн кылмыш жообуна тартпоо максатында уюштурулган.