Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ: Трамп Хелсинкиде айткандары үчүн кескин сынга кабылды

АКШ президентинин Орусиянын лидери Владимир Путин менен 16-июлда Хелсинкиде чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында жасаган айрым билдирүүлөрүн анын өз мекенинде республикачылар да, демократтар да сынга алышууда.


Республикачыл сенатор Линдси Грэм Трамптын айткандарын АКШнын “алсыздыгын” көргөзүү катары баалады.


Республикачыл сенаторлордун дагы бири Жон Маккейн болсо Трамптын Хелсинкидеги басма сөз жыйынын “трагедиялык ката” деп атаса, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкенине “эч кандай шек жок” экенин эске салды.


“Президент Орусия биздин өнөктөш эмес экенин түшүнүшү керек. Биздин негизи баалуулуктар менен идеалдарга кас бойдон калып жаткан Орусия менен АКШнын ортосунда эч кандай моралдык эквиваленттүүлүк жок”, - деди Райан.


Демократ сенатор, 2020-жылдагыы президенттик шайлоодо талапкер болушу мүмкүн деп эсептелген Элизабет Уоррен “Трамп эл аралык деңгээлде АКШны уят кылып”, анын “институттарына болгон ишенимге шек келтирип”, “альянстарын алсыратып” жатканын белгиледи.


Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер: “Биздин өлкөбүздүн тарыхында америкалыктар АКШнын президенти Американын каршылашын Трамп Путинди кубаттагандай колдогонун эч качан көргөн эмес”, деди. 


Ал эми республикачыл сенатор Боб Коркер Трамптын басма сөз жыйынында айткандарын “алсыз” деп атаса, демократ конгрессмен Элиот Энгел ал сөздөрдү ал тургай “кызмат милдетине чыккынчылык” катары баалады.


Президент Дональд Трамп 16-июлдагы басма сөз жыйынында суроо-жооп учурунда билдиргендей, ал Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу маселени көтөргөндө президент Путин бул дооматтарды мурдагыдай эле четке каккан.


Трамп ошондой эле басма сөз жыйынында Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу Кошмш Штаттардын өзүнүн чалгын мекемелеринин буга чейинки бүтүмдөрүнөн күмөн санап, мекенинде жүрүп жаткан иликтөөлөрдү сынга алган.


Трамп менен Путиндин 16-июлдагы жолугушуусунун алдында, өткөн жума күнү АКШнын Башкы прокуратурасы Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемеси ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлганын жарыялаган.


Атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында алар  "2016-жылы Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашкан" деп айыпталган. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *