Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Украинанын чыгышында малайзиялык учак атып түшүрүлгөнүнө төрт жыл болду

Украин президенти Петро Порошенко буга байланыштуу Орусия “жоопко тартылышы” керек экенин кайрадан билдирди. Украин президенти 17-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына анын өлкөсү иликтөөчүлөргө “зарыл жардамдын баарын көргөзүп жатканын” да жазды.


Быйыл май айында курамына Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерландынын жана Украинанын бийлик адамдары кирген биргелешкен иликтөө тобу "Украинанын аба мейкиндигинде 2014-жылы Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системасы Орусиянын №53 зениттик-ракеталык бригадасынан келген" деген тыянагын жарыялаган.


Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.


Орусия жана Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер Малайзиянын учагын алар атып түшүргөнү тууралуу маалыматтарды бир нече ирет төгүндөп, бул кырсыктын башка бир нече версияларын билдиришкен. Бирок алардын баарын эл аралык иликтөөчүлөр четке кагышкан.


Малайзиялык жүргүнчү учак “Бук” ракеталык системасынан Донецктин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынан атылганын эл аралык иликтөө тобу 2016-жылы эле аныктаган.


Андагы баяндамада “Бук” системасы Украинага Краснодон аркылуу киргизилип, учак атып түшүрүлгөндөн кийин кайра дароо эле артка алынып кеткени көргөзүлгөн.


Июнь айында Евробиримдиктин лидерлери Орусияны “жоопкерчиликти алып, чындыкты, адилеттикти орнотуу” боюнча аракеттерге жардам берүүгө чакырган. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *