Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран Кошмо Штаттарды сотко берди

Эл аралык Адилеттик соту (ICJ) Ирандын АКШга каршы доо арызы аларга келип түшкөнүн 17-июлда ырастады.


Расмий Тегеран сотко жолдонгон арызында президент Дональд Трамптын администрациясынын Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүүсүн АКШ Иран жана дүйнөнүн башка беш ири державасы менен кол койгон келишимди бузуу деп белгилеген.


Эл аралык сот бул маалыматты ырастаар алдында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "Твиттердеги" баракчасы аркылуу алар сотко АКШны “бир тараптуу санкцияларды кайрадан киргизгенине байланыштуу жоопко чакыруу үчүн” кайрылышканын билдирген.


2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.


АКШ президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. 


АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин жарыялагандай, алардын Иранга каршы санкцияларынын биринчи баскычы августтан тарта калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автомобиль секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алат.


Санкциялардын калган бөлүгү ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталган. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *