Блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камакка алынды
Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактарда “адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видеосу үчүн” блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камакка алынганын билдирди. 16-июнда анын Инстаграм баракчасына мониторинг жүргүзүлүп, милициянын каттоосуна алынган соң Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Тиешелүү иш-чаралардан кийин материалдар сотко өтүп, Ленин райондук соту Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча аны үч суткага камакка алган. Бишкек шаардык милициясы социалдык... Читать дальше...