Аялга кол көтөргөн делген милиция кызматкери үй камагына чыкты
Бишкекте аялга зомбулук көрсөтүп, кол көтөргө деген айып менен кармалган Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкери үй камагына коё берилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнда чыгарган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөсүчү шектүүнү камакка алуу өтүнүчүн берген, судья аны четке кагып, милиция кызматкерин 25-августка чейин үй камагына алган. 25-июнда социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чаап жиберген видео тараган. Читать дальше...