Илимдер академиясы Ботаникалык бак жаңыланып жатканын билдирди
Улуттук илимдер академиясы Бишкектеги Ботаникалык бактын абалы тууралуу талкууларга комментарий берди. Анда бул жайды жаңылоого байланыштуу ири долбоор башталганын, анын алкагында комплекс толугу менен оңдолуп-түзөлөрүн билдирди. "Жаңылоо иштеринин жүрүшүндө баалуу бак-дарактардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калууга өзгөчө көңүл бурулат. Ботаникалык, дендрологиялык жана генетикалык баалуулугу бар илимий коллекцияга кирген бак-дарак, өсүмдүктөрдүн баары өз ордунда жана адистердин көзөмөлүндө турат. Читать дальше...