HRW кыргыз бийлигин Рита Карасартованы абактан чыгарууга чакырды
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованы эркиндикке чыгарып, коюлган айыптарды алып салууга чакырды. Уюмдун Борбор Азия боюнча адиси Сыйнат Султаналиева 50 жаштагы укук коргоочунун ишине “жашыруун” грифи коюлуп, сот отурумдары жабык каралуу алдында турганын айтып, бул саясий иш экенин билдирди. Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат. Рита Карасартова... Читать дальше...