Жарасул Абдураимовдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү
“Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттук процесс качан башталары азырынча белгисиз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январь айында Жарасул Абдураимовду жана анын орун басарын "коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармаган. Атайын кызмат алар 2022-2024-жылдар аралыгында мекемеге караштуу 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып... Читать дальше...