Шайназаров шайлоодогу мыйзам бузуулар иликтенип жатканын, чечим жакында кабыл алынарын билдирди
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу дооматтарга жооп берди. Ал 2-декабрда атайын кайрылуу жасап, учурда комиссия иштеп жатканын, жакынкы эки-үч күндүн ичинде чечим кабыл алынарын билдирди. Коомчулукту шашылыш чечим кабыл албай турууга чакырды. "Добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Читать дальше...