Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10-12 ай окутуунун мөөнөтүн кайрадан карап чыгып, азайтууну өтүндү. Эл өкүлү бул маселени 21-январда парламенттин жыйынындагы ар кандай маселелер бөлүгүндө көтөрдү.
“Айдоочулук күбөлүк үчүн окуунун мөөнөтү жаштарды көп түйшөлтүүдө. Машине айдаганды үйрөнүүгө 10 ай окуу өтө көп. Түшүнөм, айдоо маданиятын күчөтүү керек. Муну мектептен, зарыл болсо бакчада балага жолдон өтүүнү үйрөткөндөн баштап, үйрөтүү керек. Бирок окутуунун өзүнө 10 айлык убакыт көптүк кылат. Читать дальше...