2025-жылы 19,3 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелсе, 15,4 млрд көлөм Кыргызстанда өндүрүлдү
2025-жылы Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 19,3 млрд кВт/саат көлөмдү түздү, анын ичинде 15,4 млрд кВт/саат энергия өлкөнүн ичинде өндүрүлдү. Бул тууралуу 23-январда Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин узаган жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды. Кыргызстанда чыккан электр энергиясынын 12,9 млрд кВт/сааты ири гидроэлектрстанцияларда, 0,223 млрд кВт/сааты чакан гидроэлектрстанцияларда, 0,234 млрд кВт/сааты кичи гидроэлектрстанцияларда жана күн-шамал станцияларында өндүрүлгөн. Читать дальше...