Бишкекте 9 жана 6 жаштагы эки бала сууга чөгүп каза болду
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги каналга эки бала чөгүп, каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгы маалымдагандай, бүгүн 29-январда жергиликтүү милиция Бакай-Ата конушунун Кыргыл-Чал көчөсүндө жайгашкан каналга жаш балдар түшүп кеткендигин маалымадаган. Издөө иштерине тартылган куткаруучулар каналдан 9 жаштагы кыз менен 6 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышты. Балдар каналга чөгүп кеткенинин себептерин милиция иликтеп жатканы кабарланды. 30-декабрда... Читать дальше...