ӨКМ: Кыргызстанда элүү жылда мөңгүлөр 16% эриди
Акыркы элүү жылда Кыргызстандагы мөңгүлөр 16 пайызга эриди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин (ӨКМ) орун басары Азамат Мамбетов 13-февралдагы маалымат жыйынында билдирди. Мамбетов ошол эле учурда тоолордогу чакан көлдөрдүн жырылуу коркунучу да сакталып турганын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы Тоң районундагы Зындан көлү жырылып кеткен болсо, былтыр Такыр-Төр көлү эки ирет жырылып, миңдей адам коопсуз жакка көчүрүлгөн. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына ылайык, Жердеги абанын табы 1,9 градуска жогорулады. Читать дальше...