Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Иранды "кеч боло электе" ядролук программасы боюнча келишим түзүүгө чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Иранды ядролук программасы боюнча келишимди “кеч боло электе” түзүүгө чакырды.

“Көптөгөн өлүм менен кыйроолор болду. Бирок кан төгүүнү токтотуу үчүн убакыт бар, себеби болочок пландалган соккулар мындан да катаал болот”, - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Америкалык лидер Иранга бир нече жолу мүмкүнчүлүк бергенин, Израилде АКШда жасалган кыйратуучу курал-жарак көп экенин, мындан да көп болорун эскерткенин белгиледи.

Ал арада Би-Би-Синин орус кызматы Ирандын телеканалына шилтеме менен Ислам жумурияты АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартканын жазды.

Маалыматка караганда, америкалык бийлик бул чечимди азырынча комментарийлеген жок. Ал эми Израилдин Иранга урган соккуларынан кийин сүйлөшүүлөрдү улантуу сунушу күчүндө кала бергенин билдирген.

Келаткан жекшембиде Омандын борбор шаарында сүйлөшүүлөрдүн алтынчы раунду өтмөк.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио анын өлкөсү Иранга чабуул коюу операциясына катышпаганын билдирди. Анын айтымында, Израил мындай кадамга өзүн коргоо максатында барганы тууралуу маалымдаган.

Израил 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген.

Ак үйгө кайтып келгенден бери АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса санкциялар катаалдаштырыларын, Иранды бомбалоого чейин барарын эскерткени бар.

Америкалык лидер региондогу жарыша куралдануунун, Израилге ыктымал коркунучтун жаралышын алдын алуу үчүн Ислам жумуриятынын өзөктүк курал чыгаруу дараметин чектөөнү көздөгөнүн билдирген.

Ислам жумурияты атомдук программасы жай максаттарды көздөрүн айтып келатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *