Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

МАГАТЭ Израилдин соккусунан кийин Натанздагы ядролук жайда радиация жогорулабаганын билдирди

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси 13-июнда билдирүү таратып, мекеме Израилдин Иранга, анын ичинде өлкөнүн ядролук жайларына сокку урганынан кабардар болгонун айтты.

Маалыматка караганда, агенттик өзөктүк ишкана, станциялардын абалын билүү, ядролук коопсузудукка жаралган ыктымал коркунучтарга баа берүү үчүн Ислам жумуриятынын тиешелүү органдары менен байланышта турат. Ирандын ядролук коопсуздук жаатындагы жетекчилери “Натанздагы уран байытуу ишканасы зыян тартканын, радиациянын деңгээли көтөрүлбөгөнүн, Исфахан жана Фордодогу объектилерге залака тийбегенин ырасташты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Гросси чабуулга терең тынчсызданарын айтып, өзөктүк жайлар эч качан бутага алынбашы керектигин бир нече курдай эске салганын белгиледи. Себеби андай соккулар “адамдарга жана айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келип”, “ядролук коопсуздукка, регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө терс кесепет” тийгизиши мүмкүн.

12-июнда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иран ядролук куралды жайылтпоо милдеттенмелерин аткарбай жатат деген резолюция кабыл алган. Гросси бул чечим менен катар кеңеш Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер дипломатиялык дол менен чечилүүгө тийиш деген позицияны жактарын кошумчалады.

Тегеран резолюцияны сындап, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уран байытуу боюнча жаңы ишкана коопсуз тилкеде ачыларын, жаңы муундагы замабап центрифугалар ишке киргизилерин билдирди.

Ислам жумурияты ядролук аракеттери аскердик эмес, жай турмуштук максаттарды гана көздөрүн айтып келет.

Батыш жана Израил Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенет жана андай аракеттерди алдын алууну көздөйт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *