Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран Израилди баллистикалык ракета менен аткылады, Тель-Авивде жарылуунун үндөрү угулду

Израилдин аскер жетекчилиги Иран Израилге ондогон баллистикалык ракета атканын билдирди. Жарылуунун үндөрү жана аба сиреналары Иерусалим менен Тель-Авивде угулду.

Бир нече мүнөттөн кийин Тель-Авивдин үстүнөн коюу түтүн көтөрүлдү. Ирандык медианын маалыматына ылайык, Израилге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул Тегерандын Израилдин соңку чабуулдарына берген алгачкы жообу катары бааланууда.

13-июндагы чабуулдан кийин Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израилди "согуш баштады" деп айыптап, "аны баштап, качып кетүүнүн" арты оор кесепеттерге жеткирерин эскертти.

«[Израил] жасаган кылмышы үчүн жоопсуз калбайт. Биздин жообубуз жарым-жартылай болбой турганына Иран эли ишениши керек», - деди Хаменеи билдирүүсүндө.

Израилдин аскерий жетекчилиги жума күнү кечинде чабуулдар уланып жатканын билдирип, өлкөгө дагы ондогон ракета атылганын кошумчалады.

Жума күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Ал Улуттар Уюмунан "эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн шашылыш чара көрүүсүн" талап кылганын айтты.

Аракчи Telegram каналына Израилди "согуш отун тутантып жатат" деп айыптап, 13-июнда Ирандын өзөктүк жана аскердик объектилерине жасалган чабуулдарды "Ирандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу" катары мүнөздөдү.

Израилдин соккусунан Иран армиясынын 20 жогорку кол башчысы каза тапканын Рейтер агенттиги аймактагы эки булакка таянып жазды. Кабарда айтылгандай, набыт болгондордун арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами жана корпустун Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Амир-Али Хажизаде бар.

Ага чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери жана «Хатам аль-Анбия» базасынын башчысы Голам Али Рашид өлгөнү маалымдалган.

Андан тышкары Ислам жумуриятынын ядролук программасына катышкан бери дегенде алты окумуштуу мүрт кеткени белгилүү болгон.

Израил 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *