Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Маркум Айзиректи айыптаган дагы бир блогер кармалды

Май айынын аягында күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген деген жүйө менен дагы бир блогер Бауржан Абдумаликов (Кадырбеков) кармалды. Ал 26-май күнү Инстаграмдагы баракчасында маркум келиндин дарегине жазган сөздөрү коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен кылмыш ишин козгоду.

ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, блогер 13-июнь күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган учурда "Ак-Жол" чек ара бекетинен кармалган. Ал Бишкек милициясына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандын жакындары бул туурасында жана жалпы эле окуя боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин ушундай эле негиз менен дагы бир блогер Айбек Уланов кармалып, камакка алынган. Алгач Бишкек шаардык милициясы 31 жаштагы Айбек Улановду 30-майда кармап, кое берген, ал ката кетиргенин мойнуна алып, маркумдун жакындарынан, коомчулуктан кечирим сураган. Бирок андан кийин деле түз эфирге чыгып, элдин нааразылыгын жараткан сөзүн уланткандан кийин 5-июнда кайра кармалып, бир айга камакка алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча айыптуу деп табылган жаран беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине барып келгенден кийин беш баланын энеси өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип 40 жаштагы күйөөсү кармалган. Ички иштер министрлиги ал аялын аңчылык курал менен атканын билдирген. Маркум келиндин жакындары Айзирек күйөөсүнүн кызганычынын курмандыгы болуп калганын айтышкан.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *