Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖМК мыйзамы Жогорку Кеңештин комитетинде бир нече өзгөрүүлөр менен кабыл алынды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 16-июндагы жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.

Комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева долбоор боюнча депутаттар Айбек Маткеримов, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулунан бир катар сунуштар түшкөнүн белгилеп, алардын айрымдары менен тааныштырды.

Долбоордогу “Уставдык капиталында чет өлкөлүк салымдын үлүшү 50 пайыз жана андан ашык болгон Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөр катышкан юридикалык жак жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан кайсы болбосун чет өлкөлүк юридикалык жак телекөрсөтүү уюмдарынын уюштуруучусу боло албайт” деген норманы алып салуу сунушталган.

Анын ордуна 8-берененин 3-бөлүгү катары “чет өлкөлүк жактарга жана жарандыгы жок адамдарга ЖМК түзүүдө менчик ээси катары чыгууда 35% ашкан юридикалык жактардын уставдык капиталындагы үлүштөрүнө уюштуруучу катары чыгууга, ээлик кылууга, башкарууга тыюу салынат”, - деп кошуу сунушталды.

Мындан тышкары 13-берененин 3-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын юстиция органдары тарабынан каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаты катталды деп эсептелет” деген нормага “ушул күндөн тартып маалымат жайылтуу укугуна ээ болот” деген талап кошулган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн. Мурдагы долбоордогу “менчик ээси” деген сөздөр “уюштуруучу” деп өзгөртүлө турган болду.

9-беренедеги 1-бөлүк (“Кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы жеке жак же юридикалык жак жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу боло алат”) алынып салынды.

Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдарды басмырлаган маалыматты жайылтууга тыюу салууну сунуштаган. Мурдагы долбоордо жарандар коргоо жана улуттук коопсуздук органдарынан башка мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдардан, мекемелерден редакциялардын суроо-талабы аркылуу маалымат алууга укуктуу экени жазылган. Бекешевдин сунушунда бул тизмеге улуттук коопсуздук жана коргоо органдарын да кошуу көрсөтүлгөн.

Депутат Илимбек Кубанычбеков мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда бир кароо боюнча беш фракциянын чечими бар экенин белгилеп, депутаттар эки окууда тең кабыл алды.

Жогорку Кеңеш ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун 9-апрелде биринчи окууда карап, жактырган.

Мыйзам долбоору буга чейин журналисттердин жана жарандык коомдун каршылыгы менен кайрадан иштелип чыккан. Документте буга чейинки мыйзам долбоорундагы айрым жоболор журналисттердин, медиа эксперттердин аракети менен алмаштырылган.

2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган. Анын алдында Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилерине жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *