Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМКнын жаңы абагына адвокаттар киргизилбей жатканы кабарланды

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жаңы тергөө абагында камакта отургандарга жактоочулары киргизилбей жатат. Бул тууралуу "Клооп Медиа" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, адвокаттар 30-майдан бери “Клооптун” видеооператору Александр Александров жана медианын мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов менен жолуга албай жатышат. Алардын айтымында, атайын кызмат муну изолятордогу оңдоо иштери менен түшүндүргөн.

"Клооп Медиа" жаңы имаратка которулган абактагылардын жакындары жана адвокаттары бул жакка кире албай жатканын жазды.

Улуттук коопсуздук комитетинин борбордук аппаратынын жаңы имараты 31-майда ачылган.

28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы сегиз кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында суракка алынды. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүрдү.

Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, кийин эки айга камалды.

Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Мекеме суракка алынган журналисттер “Клооп Медиа” менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада бергенин" маалымдап, жүзү жабылган бир нече адамдын видеосун жарыялаган. УКМК тинтүү болгонун да ырастаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын ал "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.

Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *