Иран менен Израил бири-бирин аткылоону улантууда. Эки тарапта тең карапайым адамдар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар. "Ассошиэйтед пресс" агенттиги Израилдин чукул кырдаал кызматына шилтеме берип жазгандай, дүйшөмбүдө эртең менен өлкө кайрадан ракета соккуларынын жаңы толкунуна кабылды.