Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Иран армиясынын дагы бир жогорку жетекчиси жок кылынганын билдирди

Израил армиясы Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук штабы "Хатам ал-Анбиянын" жаңы дайындалган жетекчиси Али Шадмани өлтүрүлгөнүн билдирди.

Бул тууралуу "Фарда" радиосу жазды.

Маалыматка караганда, Израилдин аскер аба күчтөрү шейшембинин таңында Тегеранда Али Шадмани катышкан жашыруун жыйын өтүп жаткан жайды бутага алган. Израилдин чалгын кызматы анын ордун так аныктап, ошол жерге сокку урулган.

Али Шадмани буга чейин "Хатам ал-Анбия" штабынын башчысынын орун басары болгон. Ал 13-июнда Израилдин аба соккусунан өлгөн мурдагы жетекчиси Голам Али Рашиддин ордуна дайындалган.

Иран бийлиги азырынча Израилдин бул билдирүүсүнө комментарий бере элек жана Али Шадманинин өлүмүн ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"Хатам ал-Анбия" штабы Ирандын аскердик операцияларын кризис же согуш маалында жалпы жетекчилик кылган эң жогорку командачылык органы болуп эсептелет.

Соңку бир нече күндө Израилдин соккусунан Иран армиясынын 20 жогорку кол башчысы каза тапканын Рейтер агенттиги аймактагы эки булакка таянып жазды. Кабарда айтылгандай, набыт болгондордун арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами жана корпустун Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Амир-Али Хажизаде бар.

Андан тышкары Ислам жумуриятынын ядролук программасына катышкан бери дегенде алты окумуштуу мүрт кеткени белгилүү болгон.

Израил 13-июнда Ирандын өзөктүк жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *