Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жапаров менен Цзинпиндин жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 17-июнда Казакстанга иш сапарынын алкагында Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушту. Сүйлөшүүдө Си Цзинпин Кыргызстандын эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, туруктуу социалдык экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган аракеттерин колдой турганын билдирди.
Жапаров Кыргызстан Кытай менен мамилелерине өзгөчө маани берерин белгилеп, “Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз”, - деди.
Ал Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.
Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын билдиришти. Жолугушуу жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана кытай өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;Кыргызстандын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Президент Садыр Жапаров 17-июнда “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага барды. Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жана Кытайдын лидери Си Цзинпин катышууда. Саммит учурунда аймактык кызматташтык талкууланары айтылган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *