Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бир нече өлкөдө Иранды колдогон акциялар өттү

Соңку күндөрү дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө Израилдин Иранга болгон чабуулдарын айыптаган акциялар өттү.

15-июнда Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында жүздөгөн адам, анын ичинде аялдар менен балдар Иранды колдоп митинг өткөрүштү. Алар Пенжаб провинциясынын парламент имаратынан АКШнын консулдугуна чейин жүрүш жасап, колуна Иран жана Пакистан желектерин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу "Машаал" радиосунун жериндеги кабарчысы билдирди.

Кабарчынын айтканына караганда жүрүшкө негизинен шиилер катышты. Пакистандын башка шаарларында мындай акциялар байкалган жок.

Лахордогу жүрүш Иранга колдоо билдирген ири акциялардын бири болуп калды.

14-июнда Лондондогу Парламент имаратынын алдына ондогон адам чогулуп, "Иранды бомбалоону токтотуңуздар" деп кыйкырып, Ирандын желектерин көтөрүп жүрүш жасашты.

Митингчилер британ өкмөтүн Израилди аскерий жактоону токтотууга жана бул өлкөгө кеңири масштабдуу санкцияларды киргизүүгө чакырышты.

Соңку үч күн катары менен Парижде Иран режимин жана Палестинаны колдогон митингдер өттү.

14-июнда Берлинде Иран жана Палестинаны колдогон акцияга болжол менен 200дөн ашуун адам катышканы кабарланды.

Стамбулда Ирандын Башкы консулдугунун алдына да бул өлкөнүн өкмөтүн жана элин колдогон бир нече адам чогулуп, тилектештигин билдиришти.

НАТО жана бир нече өлкөнүн лидерлери Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатууга чакырышты. Региондогу өлкөлөр Бириккен Араб Эмираттары жана Египет да чыңалууну тынчсыздануу менен байкап жатканын билдирди. Катар Израилдин соккусун айыптап, аны Ирандын суверенитетин жана коопсуздугун “көз көрүнө бузуу” деп атады.

Израил 13-июнда Ирандын өзөктүк жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *