Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Садыр Жапаров парламент өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү чечимдерди кабыл алып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына барып, буга чейин жаңы дайындалган министрлердин ант берүү аземине катышты. Жаңы дайындалган министрлер өз тармагындагы маселелерди чечүүгө тажрыйбасы, дарамети жетиштүү экенин белгилеп, алардын жоопкерчилигин эске салды.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык, коопсуздук жана башка тармактагы маселелерин жөнгө салууда бийлик бутактары тил табышып иштешип келатканын, мындай алака үзүрүн берип жатканын белгиледи.

"Коңшу мамлекеттер менен мамилени оңдоп, чек араларды өз ара пайдалуу негизде жөнгө салууда Жогорку Кеңештин зор салымы болгонун ыраазычылык менен белгилеп кетишим керек. Эгерде депутаттардын көбү ач кыйкырык салгандарды, митинг уюштургандарды, жалган маалымат таратып, элдин башын айландыргандарды ээрчип кеткенде курчуп турган абал Кыргызстанда эле эмес, азыр чатак болуп жаткан өлкөлөрдөй эле Борбор Азияда дагы таптакыр башка нукка бурулуп кетмек. Ошондой абалды болтурбоодо акыл калчап, жети өлчөп бир кесип чечим кабыл алган депутаттардын эмгеги зор болду".

Ал парламент өлкө коопсуздугун чыңдоо, салык чогултууларды арттыруу, шайлоолордун ачыктыгын камсыздаган жана бир катар маанилүү мыйзамдарды кабыл алып бергенин белгиледи. Учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турган калктын, ишкерлердин салык түйшүктөрүн азайтуу, “Тамчы” каржылык инвестициялык аймагын түзүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алып берүүнү сунуштады.

18-июнда парламентте төмөнкү жетекчилер ант беришти:

саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;коргоо министри Руслан Мукамбетов.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *