Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ кыргызстандыктарды Иран менен Израилден чыгып кетүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдирүүнү 18-июнда таратты.

Анда жарандарды аба каттамдарына кирген чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, авиакомпаниялардын билдирүүлөрүнөн кабардар болуп туруу сунушталган.

Зарыл учурда Кыргызстандын ошол аймактагы дипломатиялык мекемелерине кайрылуу керектиги жазылган.

Катардагы элчилик: +974 5066 7001;Кувейттеги элчилик: +965 5170 2180;Ирандагы элчилик: +98 935 250 5226;Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчилик: +971 2558 4955;Дубай шаарындагы Башкы консулдук: +971 58 881 3567;Сауд Арабиясындагы элчилик: +966 58 376 99454;Түркиядагы элчилик: +90 545 689 6800.16-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтер менен бирге 28 кыргыз жаранын Азербайжанга өткөргөнү тууралуу маалымат тараткан.

13-июнда Израил Ирандын аймагына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 260тан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин расмий өкүлдөрү Ирандын соккуларынан 24 адам набыт болгонун маалымдады.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *