Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аятолла Хаменеи "Иран эли баш ийбей турганын" АКШ билиши керектигин айтты

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи АКШ бийлигине кайрылып, Иран эли эч качан эч кимге баш ийбестигин билдирди. Бул тууралуу ал 18-июнда мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда айтты.

“Иран эли мажбурланган согушка да, мажбурланган тынчтыкка да каршылык көрсөтөт. Бул эл эч качан баш ийбейт”, — деди Хаменеи.

Ал Израилдин Иранга жасаган акыркы аба соккуларына элдин “акылман, тайманбас жана убагында берилген жообун” жогору баалады.

"Бул жооп Иран элинин аң-сезими менен руханий жетилгендигинин белгиси”, - деди ал.

Хаменеи АКШ президентинин Иранга карата коркуткан сөздөрүнө да токтолду:

“Иранды жана анын тарыхын билген акылдуу адамдар эч качан коркутуп сүйлөбөйт. АКШ аскерий кийлигишүү жөнүндө ойлосо, анын кесепети орду толгус зыянга алып келет. Бул тууралуу америкалыктар так билиши керек”.

Бир күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social тармагында бир катар билдирүү жасап, Хаменеи “жеңил бута” экенин белгилеп, Иранды “толук багынууга” чакырган.

Ал "Чоң жетинин" Канададагы саммитине катышкан соң расмий Тегеран өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча "келишимге макул болушу керек эле" деп жазган.

"Мен Иран менен сүйлөшүүгө кызыкдар эмесмин. Мен анын өзөктүк программадан толук баш тартуусун күтөм", - деп билдирген Трамп.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун маалымдады. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *