Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Үй-бүлө зомбулугуна айыптууну онлайн көзөмөлдөө боюнча мыйзам сунушталды

Юстиция министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн электрондук билерик жана башка техникалык каражаттарды колдонууну сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 18-июнда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу мыйзамда зомбулукка кабылган адамдын коопсуздугун камсыздоого басым жасалганын түшүндүрдү.

Үй-бүлөдө зомбулук фактысы катталганда милиция кызматкери алгач коргонуу ордерин берет, анын талабы сакталбаса, зомбулук көрсөткөн кишиге электрондук билерик орнотулуп, көзөмөлдөнүп турат. Зомбулук көрсөтүү улана берсе, милиция кызматкеринин аракети менен сот аны камакка алууну карайт.

Электрондук көзөмөл жүргүзүүдө билерик жана мобилдик тиркеме колдонулат. Юстиция министри Аяз Баетов учурда өлкө боюнча пробацияда жүргөн 1,5 миң киши мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөнүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, мобилдик тиркеменин шарттарын аткарбаган учурда билерик салынат.

“Билерик таккан адам кайра эле жабырлануучуга жакындаса, мониторинг борборуна билдирүү түшөт. Алар дароо милиция кызматкерине кабарлайт. Милиция кызматкерлери ошол жерге барып, дароо чара көрүшөт”, - деди Зарылбек уулу.

Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Укук бузуу кодексинин негизинде кылмыш иши козголсо, анын жазасын жети күндөн 14 күнгө көбөйтүү сунушталууда. Эгерде мындай факт боюнча оор кылмыш жасалса, анын жазасы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде каралат.

Депутат Дастан Бекешев зомбулук болгон учурда берилген коргонуу ордерлери көп жардам бербей жатканын көтөрдү:

"Ордерлердин көбү иштебейт, жардам бербейт. Анткени аны ишке ашыруунун механизми так эмес. Бизде кризистик борборлор жок. Мамлекет ушундай борборлорду ачып, жабырлануучу менен зомбулук көрсөткөн адамды өз-өзүнчө кармоону жолго салышы керек".

Зарылбек уулу бул мыйзам долбоору кабыл алынса аны ишке ашыруунун алкагында кризистик борборлорду ачуу да караларын билдирди.

Кыргызстанда соңку жылдары үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, күйөөсүнөн сабалган, каза тапкан учурлар көп катталып жатат. Мындан улам зомбулукка каршы чараларды катаалдаштыруу талабы коомчулукта да, парламентте да көтөрүлүп келет.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *