Добавить новость
World News
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Арменияда миллиардер Карапетян бийликти басып алууга айыпталды

17-июнь күнү кечинде Армениянын коопсуздук күчтөрү Еревандагы белгилүү миллиардер, орус-армян ишкери Самвел Карапетяндын үйүндө тинтүү жүргүздү. Андан кийин аны күч органдары алып кетти.

Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы ("Азатутюн") билдирди.

18-июнда Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Карапетянга “бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган” деген расмий айып коюлганын кабарлады. Бул тууралуу “РИА Новости” басылмасы ишкердин жактоочусуна шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда атайын кызматтын операциясыында 20га жакын адам кармалган. Бирок алардын арасында Карапетян бар-жогу ачык айтылган жок.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва Самвел Карапетянга байланыштуу кырдаалды дыкат көзөмөлдөп жатканын билдирди.

"Москва Ереванда орус жараны Карапетянга түшүнүксүз жүйөлөр менен камакка алуу коркунучу жаралып жатканы боюнча кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатат", – деди Захарова. Анын айтымында, Орусия тарап Карапетяндын бардык укуктары сакталышы үчүн зарыл колдоону көрсөтөт.

Ишкерге козголгон кылмыш ишинен кийин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Самвел Карапетянга таандык “Армениянын электр тармактары” компаниясын улутташтыруу ниетин билдирди.

“Менин оюмча, бул компанияны улутташтырууга убакыт келди. Бул тез ишке аша турган процесс жана менин милдетим кызматкерлер өз ишин так аткарышын камсыз кылуу”, — деп жазды Пашинян Telegram-каналдагы баракчасына.

Шаршембиде өкмөт башчы Улуттук коопсуздук кызматынын директору Армен Абазянды кызматтан кетирди. Бирок ал бул чечимдин Карапетяндын кармалышына байланышы барбы же жокпу деген суроого жооп берген жок.

Самвел Карапетян Forbes журналынын маалыматында, Орусиядагы эң бай адамдардын катарында, 3,2 миллиард долларлык байлыктын ээси. (AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *